Жаңылыктар
Анкарада залкар инсандардын чыгармачылыгына арналган иш-чара уюштурулду
Маданият
Анкарада залкар инсандардын чыгармачылыгына арналган иш-чара уюштурулду

7-ноябрда Түркиянын борбору Анкара шаарында Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыгына арналган иш-чара уюштурулду. 

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган кечеде Кыргызстандан барган коноктор катышуучуларга эки залкардын өмүр баянын жана чыгармачылыгын айтып беришти. 

Анкара искусство университетинин жалпы жамааты катышкан бул маданий кечеге жергиликтүү студенттер чоң кызыгуу менен катышты. Кече Төлөмүш Океевдин эки талант тартылган «Кызыл алма» тасмасын көрсөтүү менен аяктады.


ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялап Түркиянын булуң-бурчунда Кыргызстандын жана залкар жазуучунун чыгармачылыгы таанытылган. Ал эми Ош шаары быйыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк дүйнөсүнүн мааний борбору деп жарыяланган.