Жаңылыктар
Бишкектеги тез татым жайындагы чыккан өрттөн бир адам каза болду
Кырсык
Бишкектеги  тез татым жайындагы чыккан өрттөн бир адам каза болду

Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайындагы жарылуудан чыккан өрттөн бир адам каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жарылуу болгон маалда каза болгон адам тамактануучу жайдын кызматкери болгон. Ошондой эле, дагы 12 адам ар кандай деңгээлде жабыркап, ооруканага жөнөтүлдү. 


Жабыркагандардын жетөө - балдар, алар шаардык балдар ооруканасында. Дагы алты киши Бишкектеги Ортопедия жана травматология борборуна жеткирилди. 

Алардын абалы боюнча кийинчерээк маалымат берилет - деди Саламатык сактоо министрлигинин маалымат кызматы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт саат 14:08де чектөөгө алынып, учурда толугу менен өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Эске салсак, жардыруу бүгүн, 8-ноябрда, Эркиндик жана Чүй проспектилеринин кесилишинде саат 13:40тар чамасында болгон. ӨКМге билдирүү 13:42де түшүп, жерине үч өрт өчүрүүчү унаа тартылган.