Жаңылыктар
Өрт чыккан тамактануучу жайдын ээси камалды
Кырсык
Өрт чыккан тамактануучу жайдын ээси камалды

 

Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматы борбор калаада жарылган тез татым жайынын ээсин кармады. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

 Маалыматта айтылгандай, тамактануучу жайдагы жарылуу жана өрт боюнча Кылмыш кодексинин "Өрт коопсуздугунун тартибин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Тамактануучу жайдын 56 жаштагы ээси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү сот-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.