Жаңылыктар
Жарылган тез татым жайында коопсуздук боюнча мыйзам бузуулар катталган
Өзгөчө кырдаал
Жарылган тез татым жайында коопсуздук боюнча мыйзам бузуулар катталган

 

Бишкектин борборундагы жарылуу болгон тез татым жайы акыркы жолу былтыр, жыл аягында текшерилип, кемчиликтерди жойбогондугу үчүн 2019-жылдын башында айып салынган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, акыркы ирет инспекциянын кызматкерлери тез татым жайына ушул жылдын 27-февралында барышкан. "Ал күнү мурдагы текшерүү маалында берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча контролдук текшерүү болгон. 

Анда тапшырманы аткарбагандыгына байланыштуу КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин "Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу" беренесине ылайык айып салынып, толугу менен өндүрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

 Инспекциядан билдиришкендей, өкмөттүн бизнести текшерүүгө салынган мораторийинин негизинде 2019-жылы текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мекемеден белгилешекендей, жарыяланган мораторийге байланыштуу инспекция кызматкерлери мындай объектилерди арыз болгон учурда гана текшере алат.