Жаңылыктар
Жерге мораторий жолтоо болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жерге мораторий жолтоо болууда

Сугат жерлерин башка категорияга которууга мораторий жарыяланганга чейин курулуп калган турак жайларды мыйзамдаштырганга жол берген мыйзам долбоору эки окууда кабыл алынды. 

Депутаттардын басымдуу бөлүгү 2009-жылдын 31-июнуна чейин айыл чарба жерлеринде курулуп калган жеке турак жайлардын мыйзамдаштырылышына каршы эмес экенин билдиришти. Ошону менен менен бирге, бул мыйзамды айрым алдамчылар менен “жер мафияларынын” колдонуп кетишине жол бербөө чараларын көрүү зарылдыгы айтылды.

 Белгилей кетсек, 2009-жылдын 31-июлуна чейин өлкө аймагындагы жеке турак үйлөр курулуп калган айдоо жер участокторунун жалпы аянты - 11 миң 681 гектар. Ал жерге жалпысынан 42 миң турак жай салынган. Азыр аларды мыйзамдаштыруу милдети турат.