Жаңылыктар
Өлбөстүккө эгедер өзгөчө талант
Кыргызстан жаңылыктары
Өлбөстүккө эгедер өзгөчө талант

Кыргыздын маданиятына эмгеги сиңген ишмерлер Муратбек Рыскулов, Асанкул Шаршенов, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева сындуу чыгаан өнөрпоздор эмгектенген жогорудагы драмалык театрлар маданияттын очогу болуп келет. Ушул эле жайда СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун да изи калган.

Кыргыз бекеринен “Жигитке 70 өнөр аздык кылат!”-деп айтпаса керек. Мейли драмалалык роль болобу, же кинодогу каарманыбы, кыскасы ийине жеткире аткаруу чеберчилиги жагынан Сүймөнкул Чокморовдун өнөрүнө дүйнөлүк атак-даңкы бар режиссерлор суктанып келишкен. Ал эми колуна кыл калем кармаса картинага жан киргизген чеберчилигин замандаштары тамшана кеп кылып келишет. Маданияттын кайсы тармагын колго албасын майын чыгара эмгектенген Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракеси кыргыз коомчулугунда белгиленүү алдында турат.