Жаңылыктар
“Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө жайында инспектордук-кароо комплекси иштей баштады
Чек ара
“Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө жайында инспектордук-кароо комплекси иштей баштады

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргени чек ара көзөмөл өткөрмө жайларын уюмдун талаптарына жооп берген системалар менен жабдуу милдетин алган. Өлкөнү санариптештирүү жылында Мамлекеттик бажы кызматында бул жумуштар ырааты менен ишке ашырыла баштады. Өтүп бараткан жумада кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл өткөрмө жайында инспектордук көзөмөл комплекси ишке кирди. 

Бул иш-чарага премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев катышып, система ЕАЭБ жана Кытай менен товар жүгүртүүдө маанилүү экенин белгиледи. Кезекте ушундай эле инспектордук кароо комплекси “Торугарт” бекетине да орнотулганы турат. Бул тутумдун ишке кириши менен текшерүүнүн убактысы кыскарып, жүктөрдү убагында жеткирүүгө ыңгайлуу болду. Ошону менен бирге бажыда колдонула баштаган жаңы жол-жоболор өлкөгө тыюу салынган товарларды ташып келүү тобокелчилигин да төмөндөтөт жана товарлардын так санын да эсепке алууну шарттайт. Бажыда колдонула баштаган жаңы системанын өзгөчөлүктөрү кабарчыбыз Нургуль Жумабекованын материалында.

Мурункудай ар бир оор жүк ташыган автоунааны жүгүн түшүрүп текшерип отурбастан Рентгендик текшерүүнүн өтө ыкчам көзөмөлү астында чубалжыган кезектер кыскармакчы. Тактап айтканда бир автоунаа 199 секундда текшерилээри айтылууда. Бул системаны ишке киргизүүгө Россия Федерациясы Евразиялык экономикалык кызматташтык уюмунун өз ара келишимдерине ылайык 127 миллион доллар бөлгөн. Иш-чарага Орусия Федерациясынын Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Андрей Струков катышты.