Жаңылыктар
Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөгө зор эмгек жасаган эр-азаматтарыбыздын эмгеги элдин эсинде. Алардын бири көрүнүктүү коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев. Анын эл үчүн кылган кызматы, өмүрү келечек муунга өрнөк. Усубалиев чейрек кылымдан ашык убакыт Кыргыз СССРин башкарып, мамлекеттүүлүктүн кышын кынаган инсан. Бул мезгилде СССРдин экономикалык, саясий жактан да гүлдөгөн доору болду. Ушул маалда Кыргызстанда да ири завод, фабрикалар, ГЭСтер, ошондогу Фрунзе-Ош жолу салынды, аэропорттор курулду. 

Филармония, ак үй, опера жана балет, драма театры, тарых музейи, илимдер академиясы, улуттук китепкана, “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнү сыяктуу мекемелердин баары курулган. Усубалиевдин жетекчилиги менен ири улуттук долбоордун катарында Фрунзе азыркы Бишкекти мрамор шаарга айлантууга аракет көрүлгөн. Быйыл көрүнүктүү коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы коомчулуктун катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде белгиленип, салтанаттуу жыйынга Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, саясий жана коомдук ишмердин өлкөнүн өнүүгүнө кошкон салымы баа жеткис деп баалады.