Жаңылыктар
“Бата менен эл көгөрөт” аттуу руханий иш-чара өттү
Маданият
“Бата менен эл көгөрөт” аттуу руханий иш-чара өттү

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Кыргызстандан жети дубанында жана борбор калаада “Бата менен эл көгөрөт” аттуу руханий иш-чара өттү. Максаты - өткөндөрдү эскерип, мамлекеттин бакубатчылыгы жана тынчтыгы үчүн элибизди ынтымакка, биримдикке чакыруу. 

Иш-чара элдин демилгеси менен уюштурулуп, Москвадан келген “Ак бата кыргыз ордосу” жаштар коому да катышты. Жер-жерлерде мал союлуп, бата берилди. Мындан сырткары аталган иш-чара Россия жана Америкадагы мекендештербиз чогулуп, тилек айтып, ак баталарын беришти.