Жаңылыктар
Ош Мамлекеттик университетинде спорт комплекси курулду
Спорт
Ош Мамлекеттик университетинде спорт комплекси курулду

Ош Мамлекеттик университети жеке каражатына заманбап спорт комплексин курду. Ачылышына билим берүү жана илим министри баштаган расмий өкүлдөр катышты. 

Узуну 40, эни 20 метрди түзгөн спорт комплекс зарыл болгон бардык спорттук шаймандары менен камсыздалган. Бул үчүн аталган жайдын бюджетинен 15 млн сом сарпталган. Жыл башынан бери мындай спорт комлекстен окуу жай үчөөнү куруп, пайдаланууга берген. Билим уясында 30 миңден ашуун студент окуйт. снх