Жаңылыктар
Өзгөндө жеке ишкер айылдаштарына спорт аянтча куруп берди
Спорт
Өзгөндө жеке ишкер айылдаштарына спорт аянтча куруп берди

Орусияда эмгектенген Өзгөндүк Жолдошали Шамуратов, айылдаштарына жеке каражатына спорт аянтча куруп берди. Ачылышына ишкердин айылдаштары, расмий бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Курулушка жалпы 2,5 млн. сом сарпталган. Демилгечи мындай аракети менен, чет өлкөдө жашап, иштеп жүрсө да, өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө аз да болсо өз салымымды кошсом деген ниетин билдирет. 

Дене чыңдоочу жайдын узуну 45, туурасы 25 метрди түзөт . Өзгөндөгү № 60 Туташбай Төлөнов атындагы орто мектебине караштуу футбол талаага түшкөн аянтча - жеке эле Бабаш айылындагылар үчүн эмес, коңшу Төөлөс, Бөксө -Жол, Бахмал айылынын мектеп окуучулары, жаштары үчүн акысыз пайдаланууга берилди. 1940-жылдары ашар ыкмасында курулган мектептин спорт залы жок болгондуктан, окуучуларга жаан-чачындуу күндөрү дене тарбия сабагы түйшүк жаратып келген. Жолдошали Шамуратов , август айында Бишкекте, президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн Мекендештер форумунда, айыл муктаждыгы үчүн жеке капчыгынан 2 млн. сом бөлөөрүн билдирген. 

Андан кийин, ишкер, айыл аксакалдары менен кеңешип, өзү туулуп өскөн айылындагы мектепке спорт аянтча куруп берүү чечимине келген. Жолдошали Шамуратов Орусияда 1976-жылдардан бери жашап келет.