Жаңылыктар
Румынияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы жыйынтыкталды
Дүйнө
Румынияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы жыйынтыкталды

Румынияда 10-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, азыркы мамлекет башчы Клаус Йоханнис алдыды келе жатат. Ал 39 пайызга жакын добуш алууга жетишкен. Президенттик кызмат үчүн 14 талапкер ат салышкан. Йоханнис Европа Биримдигин жактаган талапкер. 

Румыниянын Борбордук шайлоо бюросунун маалыматына караганда, шайлоо укугу бар жарандардын 48 пайызы катышкан. Экинчи орунда мурдагы премьер-министр Виорика Данчилэ келе жатканы айтылды. Бир ай мурда Данчилэ Румыниянын өкмөтүн жетектеген. Бирок парламент жетекчилиги ишенбөөчүлүк көрсөтүп, отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Ага шайлоочулардын 23пайызы добуш берген. Эгер талапкерлер добуштардын 50 пайызынан аша албаса 2-тур болот. Экинчи айлампа 24-ноябрда өтөт.