Жаңылыктар
"Kyoto Animation" анимациялык студиясын өрттөөгө шектелген жаран кармалды
Кылмыш
"Kyoto Animation" анимациялык студиясын өрттөөгө шектелген жаран кармалды

Япониядагы "Kyoto Animation" анимациялык студиясын өрттөөгө шектелип кармалган жаран кылмышын моюндады. Бул тууралуу "Кyodo" агенттиги жазды. Анда 41 жаштагы Синдзи Аоба күннөсүн моюндап, максаты анимациялык студиянын кызматкерлерин өртөө болгонун айткан. Ал 18-июлда атайын бензин чачып, өрттү уюштурган. Анын айынан 36 адам каза болуп, дагы 33 киши ар кандай жаракат алган. 

Өрт чыккан учурда студияда 70ке жакын адам бар эле. Өрт студия жайгашкан 3 кабаттуу имараттын баарын каптаган. Аны өчүрүүгө 30 топ тартылган. Өрт 5 саатта араң өчүрүлгөн. Маалымат катары айта кетсек, "Kyoto Animation" (Кайото Энимейшн) жапон компаниясы 1981-жылы түзүлгөн. «KyoAni» деп кыскартылган анимациялык студия «K-On!», «Меланхолия Харухи Судзуми», «Кланнад» сыяктуу анимелери менен белгилүү.