Жаңылыктар
«Антошка» кафесинин ижарачысы үй камагына чыкты
Кырсык
«Антошка» кафесинин ижарачысы үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту өрт чыгып анын кесепетинен бир адам каза болгон «Антошка» тез тамактануучу жайынын ижарачысынын баш коргоо чарасын өзгөрттү. 

Бул тууралуу бүгүн, Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагынжа 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран үй камагында болот.

Эске сала кетсек, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкектин Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.