Жаңылыктар
Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылды
Маданият
Индияда дүйнөдөгү эң бийик эстелик ачылды

Эстеликтин бийиктиги 182 метр. “Биримдик айкели” деп аталган мемориал өлкөнүн улуттук баатыры Валлабхаи Пателдин урматына курулган. Валлабхаи Патель улуттук боштондук кыймылынын лидери Махатма Гандинин жолун жолдоочулардын бири болгон. Эстеликти курууда 250 инженер, 3400гө жакын жумушчу иштеп, долбоордун баасы 430 миллион долларды түзгөн. 

Ал Нармада плотинасынын алдына коюлган. Айкелде 200 адам бата турган атайын көрөрмандардын аянтчасы орнотулган. Валлабхаи Пателдин айкелинин жаратуучулары анын чоң көлөмүнө карабастан, ылдамдыгы саатына 180 чакырымга чейин жеткен шамалга жана күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук бере аларын айтышат.