Жаңылыктар
Афганистандын премьер-министри Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу алды
Кыргызстан жаңылыктары
Афганистандын премьер-министри Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Тажикстанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолукту. 

Анда кыргыз-афган кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. «CASA-1000» долбоорун жана транспорт коммуникациясы тармагындагы башка долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу Афганистандын ролун баса белгиледи. Жолугушууда Өкмөт башчы Афганистан Өкмөтүнө Афганистанда жашап жаткан этникалык кыргыздарга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Премьер-министр Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулланы Кыргызстанда быйыл сентябрь айында өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууга чакырды.