Жаңылыктар
ЖЭБ: сотто айыпталуучулар суралууда
Коррупция
ЖЭБ: сотто айыпталуучулар суралууда

Жылуулук электр борборуна байланышкан сотто айыпталуучулар суралууда. Бүгүнкү отурумда Салайдин Авазов ТиБиЭйдин кызыкчылыгын калкалады деген айыптоону четке кагып, мурда өзү жетектеген “Электр станциялары” ишканасы долбоорду ишке ашыруу үчүн “Интер РАО” компаниясын тандоону сунуштаганын жүйөө келтирди. 

Авазов ошондой эле “Интер РАО” менен “Джунхан” компанияларынын каржылоо булагы болбогонун, алар кызмат көрсөтүүнү гана сунуштаганын белгилеп, “ТиБиЭй” жеңилдетилген насыя алып берүүнү да демилге кылганын айтты. Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Ага Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов баштаган сегиз адам айыпталып жатат.