Жаңылыктар
Кызыл аттестатка татыктуулар аныкталат
Билим
Кызыл аттестатка татыктуулар аныкталат

 Кызыл аттестат алууну көздөп жаткан мектеп окуучулары бүгүн экзамен тапшырышат. 

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдагандай, бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин улуттук тестирлөө борбору текшерет. 11-класстын окуучулары математика, тарых, эне тил, химиядан, орус жана өзбек мектептеринде окугандар кыргыз тили боюнча жана кыргыз тилдүү мектептердегилер орус тили боюнча экзамен тапшырат.

 Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча окуучулар "жакшы", "канааттандырарлык", "канааттандырарлык эмес" деген баа алса кызыл аттестат алуу укугунан ажырайт. Ал эми мыкты баа алган бүтүрүүчүлөр педагогикалык кеңештин чечими менен мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан бошотулат. 

Буга кошумча жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында предметтик тестке кошумча 20 баллдан алат жана өлкөдөгү колледждерге экзамени жок тапшыруу укугуна ээ болот. Тестирлөө өткөрүү үчүн өлкө аймагында жалпысынан 23 пункт ачылган.