Жаңылыктар
Эми дарыгерге көрүнүү үчүн ооруканага келип, кезек күтүүнүн кажети жок
Ден соолук
Эми дарыгерге көрүнүү үчүн ооруканага келип, кезек күтүүнүн кажети жок

Бишкек шаарында бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда “Электрондук кезек” кызматы иштей баштады. Ар бир жаран интернет аркылуу тийиштүү сайтка кирип, ылайыктуу күндү тандап, убактысын белгилеп, дарыгерге жазылса болот. 

Адистердин айтымында, электрондук каттоо дарыгерлердин ишин жеңилдетип, ооруканаларда кезек күткөндөрдүн санын азайтат. Учурда бул тутум Бишкек шаарында, Чүй, Талас жана Нарын облустарында иштеп жатат. Калган аймактар жылдын аягына чейин кошулат.