Жаңылыктар
Тез татым жайындагы жарылуу: жабыркагандардын абалы айтылды
Кыргызстан жаңылыктары
Тез татым жайындагы жарылуу: жабыркагандардын абалы айтылды

"Антошка" тез тамактануучу жайында болгон жарылуудан жабыркагандардын экөөнүн абалы оор бойдон калууда. Жабыркагандар Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. 8-ноябрда Бишкектин Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан тез татым жайынан чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Акжолтой Байысбек кызы бир жарым жылдан бери “Антошка” тез татым жайында иштеп келген. Каргашалуу өрт чыккан күнү ал адаттагыдай эле жумуш ордунда болчу. Анын айтымында, биринчи газ баллон жарылып, өрт каптап баштаганда, жанындагы кесиптеши экөө муздаткычтын аркасына жашынышкан. Көп өтпөй, экинчи газ баллон жарылып, өрт катуу болгондуктан Акжолтой кичинекей терезеден ыргып кетип, курбусу чыга албай калган.