Жаңылыктар
Боом капчыгайында жол кыймылына чектөө киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Боом капчыгайында жол кыймылына чектөө киргизилди

 13-майга чейин Боом капчыгайында тоолордогу таштарды кулатып түшүрүү иштеринин жүрүшүнө байланыштуу жолдо кыймыл убактылуу токтотулуп турат. Бул туурасында «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы маалымдады. 

Анда айтылгандай, таштарды кулатып түшүрүү иштери күн ачык күндөрү Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 122-чакырымында жүргүзүлүүдө. Унаа тыгыны пайда болбошу үчүн унаалар көбүрөөк топтолгон учурда бардык иштер токтотулуп, унаа өткөрүлүп жатат. 

Бул пландалган иштер аба ырайынын начардыгына байланыштуу дагы узартылышы мүмкүн. Таштарды кулатып түшүрүү иши бир айдан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Компаниянын сайтында таш кулатуунун ар бир аптага түзүлгөн иш тартиби көрсөтүлгөн.