Жаңылыктар
8 томдук "Саясат энциклопедиясы" жарык көрдү
Билим
8 томдук "Саясат энциклопедиясы" жарык көрдү

  8 томдон турган "Саясат энциклопедиясы" жана 2 томдук “Журналистика энциклопедиясы" китептеринин бет ачары болду. Чыгарылыш белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган. 

Китептердин автору Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Аттокур Жапанов. Автор жыйнакты 10 жыл аралыгында жазып бүтүргөн. Ал Усубалиевдин басып өткөн жолу жана эскерүүлөрү камтылган сүрөттүү баяндамадан турат. 

Ошондой эле, энциклопедияда дүйнөдөгү белгилүү саясатчылар жөнүндө да эскерилет.