Жаңылыктар
Медайымдар күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Медайымдар күнү белгиленүүдө

12-май бүгүн, мээрман айымдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. 

Майрамга 100 жыл чамалуу болгонуна карабастан, аны белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана жүргүзүлүп келет. Мээрман айымдардын кызматы эң биринчи жолу англиялык Флоренс Найнтингейл айым тарабынан Крым согушу учурунда колдонулган. 

Флоренс Найнтингейлдин урматына анын туулган күнү мээрман айымдардын күнү катары белгиленип калган. Кыргызстанда бул күн 1993-жылдан бери белгиленет. Бүгүн Улуттук онкология борборунда дагы 12-май бүткүн дүйнөлүк медайымдардын күнү белгиленди.