Жаңылыктар
ТИМ 75 жылдыгы: Президент бир катар дипломаттарга сыйлыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ 75 жылдыгы: Президент бир катар дипломаттарга сыйлыктарды тапшырды

  Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги" форумуна катышты. 

Дипломатия кызматкерлерин майрамы менен куттуктап жатып мамлекет башчы кыргыздар үчүн элчилик эзелтен эң маанилүү роль ойногондугуна токтолду. Өлкө башчынын айтымында, тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргызстан көп вектордуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт.

Ошондой эле, мамлекет башчы акыркы эки жылдын ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташууну бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата Президент бир катар дипломаттарга сыйлыктарды тапшырды.