Жаңылыктар
Кыргызстан - БУУ кызматташуусунун жыйынтыктары талкууланды
Саясат
Кыргызстан - БУУ кызматташуусунун жыйынтыктары талкууланды

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы дүйнөнүн коопсуздугун, өнүгүүсүн камсыз кылуу, жакырчылыкты жоюу, адам укугун коргоо жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча жооптуу жалгыз уюм. Мына ушул дүйнө жүзүндөгү элдердин ар тараптуу кызыкчылыгын коргоого багытталган уюм менен Кыргызстандын кызматташтыгы Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгынын алкагында өткөн “Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги” деп аталган форумда талкууланды.