Жаңылыктар
Тышкы иштер министрлигине 75 жыл
Саясат
Тышкы иштер министрлигине 75 жыл

Кыргыз дипломаттары экономикалык жана экологиялык дипломатияны өркүндөтүшү керек. Коңшулар менен чек ара маселесин чечүүгө жана алыстагы мекендештердин укуктарын коргоого артыкчылык берүүсү зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган жыйында дал ушул милдеттерди элчилердин эсине салды. Мааракелик иш-чарада экологиялык кризисти жөнгө салууда эл аралык алаканы арттыруу зарылчылыгы белгиленди.Мекеменин мааракесине чогулган дипломаттар, ардагерлер өлкөнүн тышкы саясаты ырааттуу, жемиштүү уланышына тилектештигин билдирип, иш-чараны жыйынтыкташты.