Жаңылыктар
Кыргыз композиторлор союзунун түптөлгөндүгүнө 80 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн иш-чарага өлкөдөгү атактуу композиторлор, белгилүү музыка ишмерлери жана расмий бийликтин өкүлдөрү келип, кыргыз профессионалдык музыканын деңгээлин көтөргөн композиторлорду куттукташты. 

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиевдин айтуусунда, Калый Молдобасанов, Сейдаалы Медетов, Акмат Аманбаев, Таштан Эрматов, Абдылас Малдыбаев сыяктуу залкарлардан уланган композиторлорду колдоо керек. Алардын күнү, түнү жана бүтүндөй өмүрү музыкага арналган. Министрдин орун басары эн таланттуу деп тандалган өнөр ээлерине сыйлыктарды тапшырды.