Жаңылыктар
И.Бегимкуловду эскерүү
Кыргызстан жаңылыктары
И.Бегимкуловду эскерүү

Улуу Атамекендик согуштун ардагери Иманжан Бегимкуловдун 100 жылдыгынын урматына анын аты өзү туулуп, өскөн Тунук айылындагы мектепке берилди.

Бул айылда Иманжан Бегимкулов төрөлүп өскөн. Кулакка тартуу мезгилинде аны ата-энеси менен чогуу Украинага жөнөтүшөт. Кийинчерээк атамекенине жалгыз кайтып келип, орус тил мугалими болуп иштеп баштайт. Кийинчерээк Жайыл районундагы мектептин директору болот. 1941-жылы согушта учкуч кызматын аткарат. Апааттан бир колунан ажырап, мекенине келген соң, агартуучулук ишин улантат. 

Иманжан Бегимкуловдун аты берилген мектепте окуучулар атайын даярдаган майрамдык концерт болду. Иш чарада акындар өз таланты болүшүп, ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү каалоо-тилектерин айтышты. Иш чара согуштун ардагери Иманжан Бегимкуловдун кызынын демилгеси менен уюштурулду. 

 100 жылдык эскерүү кечесинин алкагында Бегимкуловдун китеби да жарык көргөн. Анда советтер союзунун баатырынын басып өткөн жол толук чагылдырылып жазылган. Мындан сырткары ал жөнүндө документалдуу тасма тартылган.