Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы эми жаңыланган имаратта иш алып барат
Шайлоо 2023
Борбордук шайлоо комиссиясы эми жаңыланган имаратта иш алып барат

Борбордук шайлоо комиссиясы эми жаңыланган имаратта иш алып барат. Анда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борбору түзүлүп, анын негизги ишмердүүлүгү- шайлоо процессине катышуучулардын укуктук маданиятын жогорулатып, билим берүү программаларын жана ар кандай иш-чараларды уюштуруу болуп саналат. Ага катар аймактык шайлоо комиссиялары менен он-лайн түрүндө байланышууга шарт түзүлүп, шайлоо процесстерин ачык айкын жана заманбап технологиялар аркылуу алып барууга ыңгайлаштырылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы имаратына бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков барды.

Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз мамлекеттик орган. Бүгүндөн тарта анын аппараты жаңы мекемеде иш алып бармакчы. Имарат толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, эми анда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борбору иштеп баштамакчы. Анын негизги ишмердүүлүгү - шайлоо процессине катышуучулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, билим берүү программаларын, семинарларды, лекцияларды, илимий-практикалык конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштуруу болуп саналат.