Жаңылыктар
Абылгазиев өткөн жылдын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди
Саясат
Абылгазиев өткөн жылдын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди

2018-жылы иштин татаал шарттарына карабастан, бийликтин бардык бутактары өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү. Азыркы аткаруу бийлиги өткөн жылдын апрель айында ишке киришкенде, иштөө шарттары жеңил эмес болчу. Бул шаардык Жылуулук электр борбордун айланасындагы кырдаал, макроэкономикалык жагдайдын начарлашы, мамлекеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы тең салмактуулуктун жоктугу, кыргыз-казак чек арасындагы абал, кен иштетүү жайлардагы чыр-чатактар күчөп турган эле. Бүгүн, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, өткөн жылдын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Узап бара жаткан жылдын татаал шарттарына карабай министрлер кабинети өнүгүү динамикасын кармоого жетишти. Экономика менен бирге маданий-гуманитардык, саясий иш-чаралар ийгиликтүү өттү. Маселен, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгы тиешелүү деңгээлде уюштурулду. Аны менен бирге өкмөт 2018-жылы бир нече категориядагы социалдык кызматкерлердин айлык маяналарын көтөрүүгө жетишти.