Жаңылыктар
Ошто акыркы эки жылда 500гө чукул чакан жана орто бизнес түптөлдү
Аймак
Ошто акыркы эки жылда 500гө чукул чакан жана орто бизнес түптөлдү

Ишкерлик демекчи, Ошто акыркы эки жылда 500гө чукул чакан жана орто бизнес түптөлгөн. Ишкердиктин өсүшүнө мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар негиз экенин адистер белгилейт. Калктын жашоо-шартын оңоо менен жаңы жумуш орундарын түзүүнү артыкчылыктуу багыт катары кабылдаган өкмөт жакынкы аралыкта региондорго "Ишкерлерди тейлөө борборлорун" ачууну пландоодо. Ал арада, жер-жерлерде ишкердикти жайылтууга багытталган бир катар долбоорлор иштеп жатат.

Оштогу “Ишкердикти колдоо борбору” ЖИА бизнес Ассоциациясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан бир жыл мурда ачылган. Борбор “Бизнести илгерилетүү менен чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында түзүлгөн. Азыр мында 4 адис иш алып барат. Борбордун кызматтарын каалаган жарандар пайдалана алат.