Жаңылыктар
Исфана шаарында "Ош Электро" ишканасы калкты тейлөө борборун ачты
Аймак
Исфана шаарында "Ош Электро" ишканасы калкты тейлөө борборун ачты

Лейлек районунун Исфана шаарында "Ош Электро" ишканасы калкты тейлөө борборун ачты. Бул аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашып, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү максатын көздөйт. Мындан ары электр энергиясын керектөөчүлөр бардык зарыл болгон кызматтарды бир гана жерден ала алышат.

Эмилбек Дебитов турак жайына электр энергиясын тартуу үчүн жаңы ачылган тейлөө борборуна келди. Бул бөлмөдөн ал иш кагаздарына байланыштуу болгон бардык кызматтарды ала алат. Ошол эле учурда ашыкча убаракерчилик жана убактысын коротпойт.

Буга чейин электр энергиясы боюнча маселелерди чечүү көптөгөн убакытты талап кылып, кызматкерлерди да түйшөлтчү. Айрыкча мекеме-ишканалар Ош шаарына барып, башкы кеңседен иш кагаздарын тууралап келишкен. Эми тейлөө борбору аркылуу эле бардык кызматтарды алса болот.