Жаңылыктар
Аймактарда "Ишкерлерди тейлөө борборлорун" түзүү пландалууда
Аймак
Аймактарда "Ишкерлерди тейлөө борборлорун" түзүү пландалууда

Ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында өкмөт региондордо "Ишкерлерди тейлөө борборлорун" түзүүнү пландады. Кызматты Ош, Жалал-Абад, жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда. Учурда өкмөт тарабынан бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатат. 

Алсак, аймактык долбоорлорго жана субъекттерге инвестициялардын агымын тартуу үчүн жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулар каралган. Алар - мүлк, жер, пайда жана сатуудан түшкөн салыктар. Мындан тышкары атамекендик айыл чарба чийки затты кайра иштетип жаткан ишканалардын субъектилери кошумча нарк салыгын 80 пайыз азайтуу менен төлөшөт. 

Ошондой эле, атамекендик продукцияларды экспорттоого тийиштүү шарттарды түзүү максатында региондордо ветеринардык лабораториялар иштеп жатат. Лабораториялык жабдууларды жана биодарыларды сатып алуу үчүн мамлекеттен 150 млн. сом бөлүнгөн.