Жаңылыктар
Кыргызстан-Япония оюнун "МАТЧ ТВнын" кызматкери баяндайт
Спорт
Кыргызстан-Япония оюнун "МАТЧ ТВнын" кызматкери баяндайт

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония менен бетешет. Бул оюнду КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтөт. 

Баса белгилей кетсек, Кыргызстан - Япония беттешин "МАТЧ ТВ" телеканалынын адиси Денис Казанский КТРК СПОРТТУН баяндамачылары менен биргеликте баяндайт.

Маалым кыла кетсек, бүйүрдү кызыткан беттеш саат 17:15те башталат. Ошондой эле, аталган оюнду КТРК СПОРТ телеканалынын ютуб баракчасы түз алып көрсөтпөйт. Анткени ютубтан түз көрсөтүүгө автордук укугубуз жок.