Жаңылыктар
Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Япония курамалары беттешет
Спорт
Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Япония курамалары беттешет

Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командалары бүгүн, 14-ноябрда ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:15те башталат. Турнирге кире албай калган күйөрмандар оюнду “Эски аянтта” экран аркылуу, ошондой эле "КТРК Спорт" каналында түз эфирден көрө алышат.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Япониянын курамасынын ортосундагы оюнга чейинки маалымат жыйын болуп өттү. Жыйынга Футбол федерациясынын өкүлдөрү, курама командалардын башкы машыктыруучулары жана эки өлкөнүн журналисттери катышты. 

“Япониянын курамасы ар бир дүйнө биринчилигине катышарын жакшы билебиз. Ар бир команданын кемчиликтери болот. Биз да Япониянын курама командасындагы кемчиликтерди билебиз. Ошондой эле, биз бул команданы урматтап сыйлайбыз. Эртең абдан кызыктуу оюн болот деп ойлойм. Аны өзүңөр көрүп баалайсыңар”,- деди футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.