Жаңылыктар
Эмил Бекбердиновдун элесине арналган дзюдо боюнча мелдеш өттү
Спорт
Эмил Бекбердиновдун элесине арналган дзюдо боюнча мелдеш өттү

Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Кыргызстандын Президентинин кубогунун алты жолку жеңүүчүсү Эмил Бекбердиновдун жаркын элесине арналган дзюдо боюнча мелдеш өттү. Ага Чүй облусунан 90го жакын спортчу катышты.

Легендарлуу улакчы Эмил Бекбердинов 90-жылдардан тарта көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасында ойноп келген. Атагы чыккан "Бөрүлү" командасын жетектеп, оюн талаасына алып чыккан. Мындан сырткары, "Четинди" командасын даярдаган. Быйылкы сезондо Ысык-Көлдүн "Тору-Айгыр" командасына машыктыруучу болуп барган эле. Эмил Бекбердинов быйыл 45 жаш курагында дүйнө менен кош айтышты.

Мелдештин ачылыш аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын президенти, Дзюдо федерациясынын президенти, Көк бөрү федерациясынын вице-президенти жана башка сыйлуу коноктор, спортчунун үй-бүлөсү, туугандары жана спортчулар катышты.

Жаш спортчулардын катышуусундагы мелдеште он салмактык категорияда күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Турнирге Аламүдүн районунун №2 Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби, Жаңгарач, Таш-Дөбө, Төш-Булак, Кант, Кемин райондорунан катышуучулар келген. Жеңүүчүлөр менен байгелүү орун ээлери атайын сыйлыктар менен сыйланды.