Жаңылыктар
Бүгүнкү футболдук оюнга байланыштуу көчөлөрдө кыймыл чектелет
Спорт
Бүгүнкү футболдук оюнга байланыштуу көчөлөрдө кыймыл чектелет

Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча улуттук курама командалары бүгүн, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 17:15те мелдешмекчи. Оюндун билеттери толугу менен сатылып бүткөнү маалымдалды. Бул спорттук оюнду өткөрүүгө байланыштуу Бишкек шаарындагы бир нече көчөлөрдө кыймыл чектелет. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Матч күнү саат 14.00дөн тарта төмөнкү жолдор жабылат:

  • Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү — Исановдон Орозбеков көчөсүнө чейин.