Жаңылыктар
Кыш мезгилинде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыш мезгилинде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт

Кыш мезгилинде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ишканасынын башчысы кабарлады. Ошол эле учурда үйдү жылытууда альтернативдүү отунга өтүү керектиги айтылууда. Күндүн суукташы менен көмүр баасында өзгөрүү бар.

Бишкек шаарынын тургуну 200 чарчы метр турак жайда жашайт. Аны жылытыш үчүн бир кышта 10 тоннага жакын көмүр керектелет. Бирок тиешелүү көмүрдү сатып алууга бул жолу акчасы жетпей калды. Отун базасында кара алтындын баасы кымбаттап кеткен. 

Көмүрдүн 500 сомго кымбаттап кетишин сатуучулар түрдүү себептерди келтирүүдө: бири Кара-Кечеде көмүрдүн дүң баасы өстү десе, экинчилери, көмүр аз өндүрүлө баштаганын айтат. А бирок жеринде абал башкача болуп чыкты. Шаардын отун базасында көмүрдүн көлөмү жетиштүү экен. Көмүрдүн дүң баасы дагы өзгөрүлгөн эмес. Тоннасы 1330 сомдон. Көмүрдүн кымбатташы ортомчуларга байланыштуу болушу мүмкүн. Натыйжада, ортомчулар соңку күндөрү кара алтындын баасынын республика боюнча жогорулап кетишине түрткү болушкан.

Учурда үч облуста көмүр кымбат сатылууда. Ысык-Көлдө 2800 сомдөн 5600 сомго чыкты. Жалал-Абадда 3,5 миң сомдон 6,5 миң сомго чейин. Ошто 1800 сомдон 5000 сомго чейин турат. Нарын менен Баткенде көмүр салыштырмалуу арзаныраак: 3,5 миң сомдон жана 4200 сомдон сатылууда. Таласта бир тонна кара алтын 4200 сомго бааланса, Чүйдө 4,5 миң сом.
 
Ысык-Көл облусу - 2800 сом - 5600 сом
Жалал-Абад облусу - 3500 сом - 6500 сом
Ош облусу - 1800 сом - 5000 сом
Нарын облусу - 1800 сом - 3800 сом
Баткен облусу - 1800 сом - 3500 сом
Талас облусу - 3500 сом - 4200 сом
Чүй облусу - 2700 сом - 4500 сом

Өлкө боюнча 420 отун базасы иштеп жатат. Ар биринде 200дөн 300 тоннага чейин көмүр кору бар. Бул көлөм калктын керектөөсүн толук канааттандырат. 

Кышкысын электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн энергетиктер да тиешелүү чараларды көрүүдө. Азыркы тапта көмөк чордондорду оңдоо иштери аяктап, электр чубалгыларын, зымдарын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Бардык жабдуулар иштен чыкпайт деп кепилдик берүү кыйын, айрымдары бузулуп калышы ыктымал. А бирок электр энергиясы өчүрүлбөйт, деп убада беришти тиешелүү кызматтан. 

 Жогорку чыңалуудагы линияларга күч келтирбеш үчүн үйдү альтернативдүү ыкма менен жылытуу кеңеши берилет. Кышка чейин убакыт бар, анын үстүнө аба ырайы өзүнүн жылуу маанайын тартуулап, камырабаган адамдардын да даярданууга убактысы бар.