Жаңылыктар
Өкмөт башчы салык топтоо түзүмүн жакшыртуу зарылдыгын белгиледи
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы салык топтоо түзүмүн жакшыртуу зарылдыгын белгиледи

Фискалдаштыруу салыктык топтоо түзүмүн түп тамырынан өзгөртүп, мамлекеттин кирешесин арттырат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда каттоодон өткөн 258 миң салык төлөөчү бар. Алардын ичинен 98,1 пайызы чакан ишкердик, 1 пайызы орто бизнес, 0,9 пайызы ири бизнес чөйрөсүнө тиешелүү. 

Маалыматка ылайык, чакан бизнестен 18% салык түшсө, орто бизнестен - 5% түшөт. Ал эми болгону 0,9 пайызды түзгөн ири бизнестен - 77% салык түшөт. Өкмөт башчы билдиргендей, бул көрсөткүчтөр салыктык процедураларды электрондук фискалдаштыруу тутумун киргизүү боюнча күч-аракеттерди мындан ары карай активдештирүү зарылдыгын күбөлөндүрөт.