Жаңылыктар
Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өттү
Экономика
Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өттү

Биз Брекзиттен кийин Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даярбыз. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Лондондо өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда билдирди. 

Форумда Кубатбек Боронов кыргыз-британ мамилелеринин динамикасын жогору баалай турганын айтты. Ал Улуу Британиянын 12-декабрда мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоодон кийин түзүлө турган кийинки өкмөтүн кыргыз тараптын эки жактуу алакаларды өнүктүрүүдөгү жаңы демге умтулуусун колдоого жана келерки жылдын жазында Кыргызстандын тышкы иштер министри баштаган делегациясын кабыл алууга чакырды. 

Кийинки аптада Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы элчиси Эдил Байсаловду Улуу Британиянын Королевасы кабыл аларын белгилеген Кубатбек Боронов Елизавета экинчиге кыргыз элинин жана Кыргыз өкмөтүнүн атынан жылуу каалоо-тилектерди жолдоду.