Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясына 30 жыл
Шайлоо 2023
Борбордук шайлоо комиссиясына 30 жыл

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюшулганына 30 жыл болду. Мааракелик иш-чарада өлкөнүн шайлоо тутумуна салым кошкон кызматкерлер менен ардагерлерге президенттин атынан сыйлык ыйгарылды. БШК 30 жылдын ичинде 8 жолу референдум, 7 ирет президенттик шайлоо жана 6 парламенттик шайлоону өткөргөн.

"Таза шайлоону камсыз кылууда араңыздарда өтө чоң эмгек кылган инсандар бар. 30 жылда ар кандай оош-кыйыштар болду. Мына соңку жылдары заманбап технологиялардын жардамы менен адилеттүү шайлоону уюштурууга мүмкүн болду. Биз бул жолдон тайбашыбыз керек",- деди Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев.