Жаңылыктар
Жапон оюнчулары 2:0 эсебинде Кыргызстанды утту
Спорт
Жапон оюнчулары 2:0 эсебинде Кыргызстанды утту

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жапон оюнчуларына 2:0 эсебинде утулду. Беттеш көрүүчүлөргө жык толгон Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Эске сала кетсек, 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарында ак шумкарлар алгач Тажикстандын курама командасына 1:0 эсебинде утулуп, Монголияны 2:1, Мьянманын оюнчуларын 7:0 менен жеңген. Футболчуларыбыз алты упай менен тайпада экинчи орунда келе жатат. Кыргызстан-Жапон футбол командаларынын беттеши КТРК жана КТРК СПОРТ каналдары аркылуу түз чагылдырылды жана футбол күйөрмандары үчүн эски аянтта атайын ЛЕД ЭКРАН орнотулган.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго ак шумкарларды колдогон футбол күйөрмандары жык толду. Эки ирет айып тобу аркылуу жаралган голдорду эске албаганда чабуулдар бирдей жасалып жатты. Оюндун отуз тогузунчу мүнөтүнө чейин эсеп ачылбай, калыстын дарбазачы Кутман Кадырбеков орой ойноду деген чечиминен кийин гана 11 метрлик айып тобу дайындалды.

Экинчи гол 53-мүнөттө жаралды. Улуттук кураманын жеңилүүсү катталганы менен күйөрмандар футболчуларыбыздын деңгээли өскөнүн белгилеп жатышат. Себеби атаандаш команда Азиянын алдыңкысы жана ФИФА рейтингинде 28-сапта турат. 

Оюн жыйынтыкталгандан кийин салтка айланган маалымат жыйын өткөрүлдү.

Дүйнө биринчилигине тандап алуу боюнча Кыргызстандын курама командасы 6 упай менен тайпа ичинде экинчи орунда турат. Бул соңку оюн эмес. Тажикстандын оюнчулары менен 19-ноябрда экинчи ирет Бишкекте күч сынашат. Андан кийин Мьянма, Монголиянын футболчулары менен да беттешет. Тажикстандын курама командасына акшумкарлар алгач 1:0 эсебинде утулуп, Монголияны 2:1, Мьянманын оюнчуларын 7:0 менен жеңген.