Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясынын уюшулганына 30 жыл болду
Саясат
Борбордук шайлоо комиссиясынын уюшулганына 30 жыл болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюшулганына 30 жыл болду. Мааракелик иш-чарага мекеменин бардык мезгилдеги жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Шайлоо тутумуна салым кошкон ардагер, кызматкерлерге мамлекет башчысынын атынан сыйлыктар тапшырылды. Боршайком соңку жылдары таза шайлоону камсыз кылуу үчүн инновациялык технологиялар пайдаланылып жатканын, ал келээрки добуш берүүдө дагы жакшыртылаарын билдирүүдө.

1989-жылы Кыргыз ССРнин “Эл депутаттарын шайлоо” тууралуу мыйзам кабыл алынгандан тартып БШКнын туруктуу ишмердүүлүгү башталган. Учурда комиссиянын жетинчи чакырылыштагы курамы иш алып барууда. Мааракеге арналган иш-чарада мекеменин отуз жыл аралыгындагы жетекчилери жана шайлоо тутумун өнүктүрүүгө салым кошкон адамдарга мамлекет башчысынын атынан сыйлык тапшырылды.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун аппарат жетекчиси окуду. Кайрылууда Кыргызстан таза шайлоону заманбап технологиялардын жардамы менен камсыз кылууда мурдагы советтик өлкөлөрдө алдыңкы орунга чыкканы белгиленди. Бирок добуш берүүнүн ачыктыгын, эркин атаандаштыкты камсыз кылууда жаңылануулар токтоп калбашы керек.

Кыргызстандагы шайлоолорго эл аралык уюмдар байкоо салып, соңку жылдардагы аракеттерди кубаттап жатышат.

Отуз жылдын аралыгында Кыргызстанда 8 жолу референдум, 7 ирет президенттик шайлоо, 6 парламенттик шайлоо өткөрүлгөн. Келээрки жылы да Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы шайланат. Анда колдонула турган заманбап жабдууларды өркүндөтүү максат кылынууда. Мындан сырткары эреже бузгандарга карата жаза күчөтүлдү.

Соңку кабыл алынган мыйзамдарда парламентте жана жергиликтүү кеңештерде гендердик азчылыктын кызыкчылыктары да эске алынган. Алар депутаттардын 30 пайызынан кем болбошу керек. Бул эреже буга чейин талапкерлердин тизмесинде гана сакталып келген.