Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү
Экономика
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү

2017-жылдан бери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 10 пайызга өстү. Коңшу өлкөдөн буудай, күйүүчү май, азык-түлүк жана курулуш материалдары өңдүү товарлар келсе, Кыргызстандан Казакстанга эт, сүт азыктары, жашылча жана мөмө жемиш, курулуш материалдары жана текстиль буюмдары экспорттолот. Буга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода айлантуунун көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү демилгеси көтөрүлгөн.

Коңшу Казакстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы 2 жылда тез ыргак менен өскөнү байкалды. 2018-жылы эки өлкө бири бирине 800 млн доллардан ашык каражатка товар сатышкан. Экономика министрлиги быйыл бул көлөм дагы 10 пайызга өскөнүн билдирүүдө. Казакстандан ар кандай буюмдардын 50 түрү ташылып кирсе, Кыргызстандан Казакстанга 30дай позиция боюнча товарлар экспорттолот.

Кыргызстан өзүнүн тегерегиндеги коңшу төрт мамлекет менен соода экономикалык алака түзсө, анын көп бөлүгү Казакстанга туура келет. 2017-жылы Президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чыгаруу келишимине келишкен. Ал эми быйыл Бишкекте өткөн кыргыз казак ишкер форумунда анын катышуучылары бул көлөмдү 2 млрд долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгилешкен.

Эки мамлекеттин ортосунда экономикалык байланыштан сырткары, саясий, маданий-гуманитардык багыттагы алака жолго салынган. Мамлекеттик чек аралар толук деморкация жана делимитациядан өткөрүлгөн. Чек арадан товар алып өтүү процессиндеги айрым тоскоолдуктар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жөнгө салынып, чечилүүдө. Адистер Казакстан президентинин Кыргызстанга ноябрь айынын соңунда болчу мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болот дешет.

Касым Жомарт-Токаев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 27-ноябрда келери күтүлүүдө. Анда саясий алакадан тартып, коопсуздук, экономика жана маданиятка байланыштуу маселелер ортого салынмакчы.