Жаңылыктар
Тамчылатып сугаруу технологиясы
Кыргызстан жаңылыктары
Тамчылатып сугаруу технологиясы

Суу демекчи, Сокулук районуна караштуу Фрунзе совхозунда "Тамчылатып сугаруу технологиясы үчүн жабдуулардын жергиликтүү үлгүлөрүн жасоо" аттуу инновациялык долбоордун бет ачаары болуп өттү. Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында жергиликтүү жабдууларды колдонуу менен тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. "Мыкты инновациялык долбоор" сынагында ал Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан берилген 700 миң сом байгеге ээ болгон.

Рыскул Касымбеков “Тамчылатып сугаруу технологиясы үчүн жабдуулардын жергиликтүү үлгүлөрүн жасоо” долбоорунун автору. Ал аба ырайынын кескин ысышы мөңгүлөрдүн ээришине алып келип, натыйжада агын суулар азайып бараткандыгына байланыштуу, айыл-чарбасындагы сууну үнөөмдүү колдонуу үчүн тамчылатып сугаруу технологиясын колдонуу керектигин айтат.

Албетте, мындай технология дыйкандардын жумушун жеңилдетет. Бирок тамчылатып сугарууга керектелген жабдуулардын баасы кымбат жана алар башка өлкөлөрдө жасалгандыктан, бул долбоордун алкагында жергиликтүү өнөр жай ишканалар менен сүйлөшүулөр жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Дүйнөлүк практикада тамчылатып сугаруу тажрыйбасы изилденип, анын натыйжасында сууну сарамжалдуу колдонуу менен, түшүм эки эсе көп болоору да аныкталган. Бул технология айыл чарбасы өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулат.

Бул технологияны жакшыртуу улантылат. Рыскул Касымбековдун айтымында, биринчи жолу Кыргызстанда жасалган бул технологияны колдонуу ыкмаларын дыйкандарга үйрөтүү иштери жакын арада башталат.