Жаңылыктар
Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү
Аймак
Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү

Кыргыз өкмөтү региондордо "Ишкерлерди тейлөө борборлорун" түзүүнү пландап жатат. Ал бизнес жүргүзүү боюнча ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип турууну көздөйт. Буга чейин бул багытта жер-жерлерде бизнес ассоциациялары чет өлкөлүк донорлор менен биргеликте ишкердикти колдоо боюнча кеңеш берип келген. Эми өкмөттүн демилгеси менен аймактарга ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлсө, аларды колдоо жана дараметин бекемдөө багытында чоң өбөлгө түзүлөт.

Давид Төлөнов Жалал-Абаддагы азык-түлүк саткан фирманын бирин жетектейт. Жаш ишкер ишканасын өнүктүрүүнү көздөп, натыйжалуу иш алып баруунун жол жобосун тереңден билүү үчүн шаардагы ишкердикти колдоо борборунан кеңеш алуу үчүн келген.

Бул багытта өкмөттүк деңгээлде ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу планын жакында эле кыргыз өкмөтү маалымдады. Региондорго Ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу менен, аларды колдоо жана дараметин бекемдөө максаты көздөлөт. Ошондой эле тейлөө борборлору, бизнести жүргүзүү боюнча ишкерлерге колдоо көрсөтүп, аларга ар кыл багыттагы так маалымат, кеп-кеңештерди берип турмакчы.

Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүүдө. Аймактык долбоорлорго жана субъекттерге инвестициялардын агымын тартуу максатында жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулар каралган. Алар - мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар.