Жаңылыктар
Балет артисттери Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова сыйланды
Маданият
Балет артисттери Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова сыйланды

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту. Президент аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бейформал маанайда баарлашып, алардын кесиптик ишмердигине кызыкты. Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Сооронбай Жээнбеков бул - алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи. 

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" ардактуу наамы Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет артисти Канат Надырбек уулуна ыйгарылды. Ал эми ушул эле театрдын прима-балеринасы Ирина Сапожникова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды.