Жаңылыктар
Мигранттар үчүн акысыз юридикалык жардам берилет
Мекендештер
Мигранттар үчүн акысыз юридикалык жардам берилет

Орусияга жумушка бара жаткан мигранттар эми акысыз юридикалык кеңеш ала алышат. Борбор калаанын Батыш автобекетинде эмгек мигранттары үчүн маалымат борбору ачылды. Анда Россияга кетип жаткан эмгек мигранттарынын мыйзамдуу ишке орношуусу үчүн түшүндүрмөлөр берилет. Статистикага ылайык, Орусияда 800 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет.

"Жүргүнчүлөрдүн дээрлик 80%га жакыны биздин эмгек мигранттар болуп эсептелинет. Ошондуктан, ошол биздин жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү боюнча, барган жеринде мыйзамдуу иштешин камсыз кылуу үчүн маалыматтык борбор түзүп жатабыз",- деди "Кыргызавтобекети" мамлекеттик ишканасынын директору Максат Жумабаев.