Жаңылыктар
УКМК: "Элдик парламенттин" кайрым жетекчилерине кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: "Элдик парламенттин" кайрым жетекчилерине кылмыш иши козголду

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүүгө даярдануу беренелери боюнча элдик парламент бирикмесинин айрым жетекчилерине кылмыш ишин козгоду. 

Мына ушундай беренелер менен “Элдик парламент” бирикмесинин жетекчилерине Улуттук коопсуздук комитети кылмыш ишин козгоду. Тергөөгө чейинки чогултулуп биздин колго келип түшкөн материалдарга таянсак анда Б.Т., Т.К, М.С. деп кыскартылып айтылган фамилиялар Талгарбек Бекболотов, Төрөбай Колубаев жана Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Марат Султановдун үнү экенин боолголоп таанысак болот. 

Ушул адамдар жана бирикменин башка өкүлдөрү ич ара сүйлөшүп, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды өзгөртүп, туруксуздукка алып келе турган акция уюштурууга камынган. 

Ошондой эле мыйзамсыз, кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында мамлекеттик бийликтеги адамдарга күч колдонуп, курал-жарактары менен каршы чыкканга даярданышканы белгилүү болду. Учурда өлкөнүн коопсуздук кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында аларды кармап келип, тиешелүү тергөө иштерин жүргүзө баштады.