Жаңылыктар
Кыргызстандык ашпозчулар эл аралык сынакта 3-орунду ээлешти
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык ашпозчулар эл аралык сынакта 3-орунду ээлешти

Кыргызстандык ашпозчулар эл аралык сынакта 3-орунду багындырышты. Сынак 6-8-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында, 30 мамлекеттин ашпозчуларынын катышуусунда өттү. Кыргызстандын атынан 20 ашпозчу катышты. Алардын баары алдын-ала сынак аркылуу тандалып алынган. Кароо сынакта 300дөн ашуун талапкер өз чеберчилигин көрсөтө алышты.

"Узпромпаркта өткөн сынакта биздин топ 3-орунду алды. Алардын арасында ашпозчулар, студенттер да бар. Мен сынакта эттен стейк тамагын жасадым. Утушка коло медаль жана сертификат тапшырышты",- дейт ашпозчу Фархад Мамбетов.